КРЕЗОЛ
КРЕЗО́Л , м е т и л ф е н о л д о р, СН5– С6Н4– ОН –жагымсыз жыттуу суюктук. Молекулалык салмагы 108,14,үч изомери бар: орто-, мета- ж-а пара-. Бул изомерлердин бардыгы кадимки органикалык эриткичтерде жакшы эришет. Кезол фенол сыяктуу начар кислоталык касиетке ээ; жегичтер м-н крезолят деп аталган туздарды пайда кылат. Электрофилдик орун алмашуу реакцияларына (галогендөө, нитрлөө, сульфирлөө ж-а конденсация) кирет.
Өнор жайда таш көмүр чайырынын креолдук фракциясынан алынат. Ал таш көмүрдү кокстоодо күйүүчү сланецтерди ысытканда ж-а жыгачты пиролиздегенде пайда болгон сульфокислотасынан же толуидиндерден алынат. Крезол крезолальдегид чайырын, дезинфекциялоочу каражаттарды, боё- гучтарды, дары-дармектерди, жарылгыч заттарды, гербициддерди өндүрүүчү сырьё болуп саналат. Крезол дем алуу органдарынын жука катмарларын дүүлүктүрөт.