КРЕДИТ БЛОКАДАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕДИ́Т БЛОКАДАСЫ – кредитордун кайсы бир кредит алуучуларга кредит берүүдөн баш тар­тышы. К. б. – кредит жүргүзүүдө кредит алуу­чунун укугун басынтуу шарттарын койгон жана процент көрсөткүчтөрүнүн деңгээлин көзөмөл­дөөчү экономикалык блокаданын түрлөрүнүн бири. Анын максаты – блокко кабылган тарап­ка финансы-экон. абалын начарлатуу жолдору аркылуу экон. же саясий кысым көрсөтүү. К. б. тышкы жана ички болуп бөлүнөт. Т ы ш к ы К. б. – кандайдыр бир өлкөнүн же эл аралык валюта-кредит уюмдарынын кандайдыр бир мам­лекетке же мамлекеттер тобуна кредит берүүдөн баш тартышы. Ал тоталдык (жалпы), финан­сылык (финансылык мамилелерди чектөө), ва­люталык болот. И ч к и К. б-на өлкө ичиндеги кредит берүүчү мекеменин зайым алуучуларга кандайдыр бир себептердин негизинде (эски карыздарынын жабылбай калышы ж. б.) кре­дит берүүдөн баш тартышы кирет.