КРЕДИТ БЛОКАДАСЫ
КРЕДИ́Т БЛОКАДАСЫ – кредитордун кайсы бир кредит алуучуларга кредит берүүдөн баш тартышы. К. б. – кредит жүргүзүүдө кредит алуучунун укугун басынтуу шарттарын койгон жана процент көрсөткүчтөрүнүн деңгээлин көзөмөлдөөчү экономикалык блокаданын түрлөрүнүн бири. Анын максаты – блокко кабылган тарапка финансы-экон. абалын начарлатуу жолдору аркылуу экон. же саясий кысым көрсөтүү. К. б. тышкы жана ички болуп бөлүнөт. Т ы ш к ы К. б. – кандайдыр бир өлкөнүн же эл аралык валюта-кредит уюмдарынын кандайдыр бир мамлекетке же мамлекеттер тобуна кредит берүүдөн баш тартышы. Ал тоталдык (жалпы), финансылык (финансылык мамилелерди чектөө), валюталык болот. И ч к и К. б-на өлкө ичиндеги кредит берүүчү мекеменин зайым алуучуларга кандайдыр бир себептердин негизинде (эски карыздарынын жабылбай калышы ж. б.) кредит берүүдөн баш тартышы кирет.