КРАЧКОВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАЧКО́ВСКИЙ Игнатий Юлианович [4(16). 3. 1883, Вильна – 24. 1. 1951, Ленинград] – чыгыш изилдөөчүсү, арабист, филолог, ислам таануучу окумуштуу. Ленинград ун-тинин проф. (1918), СССР ИАнын академиги (1921). 1905-ж. Петер­бург ун-тинин чыгыш тилдер ф-тинин араб тили менен ад-ты бөлүмүн бүтүргөн. 1908–10-ж. Сирия менен Египетте болуп, араб тили, анын диалектиси жана ад-ты, мад-ты менен таанышкан. К. сов. араб таануучулардын мектебин негиздөөчүлөрдүн бири жана Улуу Британия менен Ирландия королу­нун Аз ия коомунун, Нем ис ч ыг ыш т аануу коомунун, Си рия, Флам анд, Польш а, Иран ИАнын мүчөсү. СССР араб таануучулар ассоциациясын түзүүнүн демилгечиси жана анын алгачкы жет екчиси болгон. О. жана жаңы кы­лымдагы араб тили, ад-ты, мад-ты, тары хына байла­ныштуу 450дөн ашык ил. эмгектин автору. Ал Чыгыш мусулман өлкөлөрүнүн геогр. ад-тынын тарыхын

изилдеген жана Курандын орусча котормосуна ил. түшүнүк берген. К-дин автобиограф. «Араб кол жазмаларынын үстүнөн иштөө» деген эмгеги (1949; СССР Мамл. сыйл. 1951), бир нече тилге которулган. Тандалган чыгармалары 6 том болуп жарык көргөн (1955–60). Эки Ленин ордени ж. б. медалдар менен сыйланган.


Ад.: Игнатий Юлианович Крачковский (библиогр.). М.; Л., 1949.