КРАЧКОВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАЧКО́ВСКИЙ Игнатий Юлианович [04 (16). 03. 1883, Россия империясы, Вильна губерниясы, Вильна – 24. 01. 1951, СССР, РСФСР, Ленинград] – чыгыш изилдөөчүсү, арабист, филолог, ислам таануучу окумуштуу. Ленинград университетинин профессору (1918), СССР Илимдер академиясынын академиги (1921). 1905-жылы Петер­бург университетинин чыгыш тилдер факультетинин араб тили жана адабият бөлүмүн бүтүргөн. 1908–1910-ж. Сирия менен Египетте болуп, араб тили, анын диалектиси жана адабияты, маданияты менен таанышкан. И. Крачковский совет араб таануучулардын мектебин негиздөөчүлөрдүн бири жана Улуу Британия менен Ирландия королу­нун Азия коому, Немис чыгыш таануу коому, Сирия, Фламанд, Польша, Иран Илимдер академиясынын мүчөсү. СССР араб таануучулар ассоциациясын түзүүнүн демилгечиси жана анын алгачкы жетекчиси болгон. Орто жана жаңы кы­лымдагы араб тили, адабияты, маданияты, тарыхына байла­ныштуу 450дөн ашык илимий эмгектин автору. Ал Чыгыш мусулман өлкөлөрүнүн географиялык адабиятынын тарыхын

изилдеп, 1920-жылдан сегиз жыл бою Куранды которуунун үстүндө иштеген. VII-кылымдын адабий мурасы болгон Курандын текстин которуунун негизги максаты анын семантикалык маанисин орус тилдүү окурмандарга жеткирүү болуп, котормо негизинен изилдөөчү-окумуштууларга арналган. Котормо анын көзү өткөндөн кийин, 1963-жылы жарык көргөн. Мындан тышкары орто кылымдагы белгилүү араб авторлорунун өмүрү жана алардын эмгектерине илимий негизде талдоо жасаган. И. Крачковскийдин автобиографиялык «Араб кол жазмаларынын үстүнөн иштөө» деген эмгеги (1949; СССР Мамлекеттик сыйлыгы 1951), бир нече тилге которулган. Тандалган чыгармалары 6 том болуп жарык көргөн (1955–1960). Эки Ленин (1944, 1945) ордени ж. б. медалдар менен сыйланган.

Ад.: Игнатий Юлианович Крачковский (библиогр.). М.; Л., 1949.