ИНАЛ
ИНА́Л , э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар боюнча уруунун аталышы. Тувада 9–10-кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтырган рун эстеликтеринде «ынал» деген сөз кездешет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыздар жөнүндө маалымат бергенде, алардын падышасы «инал» деп аталарын белгилейт. Ушундай эле маалымат Абу-л-Гази Бахадур хандын эмгегинде да айтылат. Махмуд Кашгари иналга төмөнкүдөй аныктама берет: 1) энеси хан тегинен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 2) энчилүү ат, титул.