КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ К. Б а я л и­н о в а т н. – ири китепкана. Жаш өспүрүмдөрдү, жаштарды жана ата-энелерди ки­тепканалык-библиографиялык жактан камсыз кылуу­чу мекеме. Китепкана КР Маданият жана туризм министрлигине карайт. 1958-жылы түзүлгөн Республикалык балдар китепканасы жана 1976-жылы түзүлгөн Республикалык жаштар китепканасы 1997-жылы бириктирилип, Республикалык балдар жана жаштар китепка­насына айланган. 1993-жылы К. Баялиновдун ысмы ыйгарылган. Китепканада 15 бөлүм иштейт: окурмандарды каттоо; күбөлүк берүү; адабияттар­ды топтоо; окурмандарды маалымат боюнча тейлеп, китептерди үйгө жазып берүү; маалымат­тык-ресурстук «Америка борбору»; маалымат­тык-библиографиялык бөлүмү; карточкаларды картоте­кага жайгаштырып, электрондук каталог түзүү

ж. б. кирет. «Искусство» бөлүмү – ноталык-музыкалык адабияттарды топтоо, окурмандарга сунуштоо иш­терин жүргүзөт; музыкалык аспаптарда ойноого шарт түзүлгөн; Китепкана жыл сайын 240 аталыш­тагы гезит-журналдарды алат; «Өнүгүү үчүн маа­лымат борбору» бөлүмү эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу түзүлгөн. КРдин ж. б. мам­лекеттерден экономика, тарых, маданият боюнча адабияттарды топтойт; коомчулук менен байланыш түзүү жана массалык иштер бөлүмү көрсөтмө ку­ралдарды түзүп жайылтат (ошондой эле китептердин

бет ачар аземдерин, жазуучулар менен жолугушуу­ларды, ар кандай маданий иштерди, мелдеш­терди ж. б. өткөрөт); «Жаңылык» бөлүмү – ки­тепканага жаңы түшкөн адабияттар менен иштеп, кыска мөөнөткө үйгө жазып берүү иштерин жүргүзөт. 800 орундуу 5 окуу, 250 орундуу лек­ция залы жана 3 млн томдон ашык китеп жана гезит-журнал сактоочу жайы бар. Китепканада 158 кызматкер эмгектенет (2012). Китеп фондунда 500 000 нускадагы китеп жана мезгилдүү басыл­малар бар. Окурмандардын саны 36 500гө жа­кын.

С. Ишенов.