КУЛМАТОВ Кеңеш Нурматович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛМАТОВ Кеңеш Нурматович (1934-ж. т., Чүй р-ну, Ак-Бешим кыш.) – мамл. жана парт. ишмер, элчи, тарых илимд. доктору (1984); КР УИАнын ардактуу акад. (2003), КМУну (1956), СССР ТИМдин Дипл. академиясын (1985) бү т к ө н. 1964–73-ж. Кырг-н ЛКЖС БКнын 1-секретары, Фрунзе ш-нда партиянын Свердлов райкомунун 1-секретары, па рт ия нын Фр у нзе шааркомунун 2-, 1-секретары, -

1973–84-ж. Кырг-н КП БКнын секретары, 1984–92-жылдары Шри Ланка Демокр. Соц. Респ., Мальдив Респ., Непал королдугунда СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КМШ өлкөлөрү б-ча башкармалыктын төрагасынын орун басары, РФ ТИМде өзгөчө тапшырма б-ча элчи, РФ Коомдук ИАнын проф., 1992–2003-ж. РФтин Танзания Бириккен Респ-нда атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, 2003-жылдан Бүткүл россиялык окумуштууларды колдоо үчүн уюшулган «Илим келечеги» фондусунун вице-президенти, РФ ТИМдин Дипл. академиясынын Эл аралык актуалдуу маселелер ин-тунун директорунун 1-орун басары. РФтин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипл. ранганын ээси (1991). Кырг-н КПнын тарыхына жана улут аралык ма­милелерге арналган 100дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 2 монография) автору. 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы Манас, РФтин 1-даражадагы А. Горчаков ордендери менен сыйланган.