КЫРЧОО
КЫРЧОО – боз үйдү айланта курчап, тартылган аркан. Кылдуу жүндөн үч бөлөк эшилип чыйратылат. Эки учу босого таякты бастыра керегенин ич жагына байланат. К. туурдукту шамалга желпилетпей сактайт. К-го үзүктүн, түндүк жабуунун боолору байланат.