КЫРЧОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРЧОО – боз үйдү айланта курчап, тартыл­ган аркан. Кылдуу жүндөн үч бөлөк эшилип чыйратылат. Эки учу босого таякты бастыра керегенин ич жагына байланат. Кырчоо туурдукту шамалга желпилетпей сактайт. Кырчоого үзүктүн, түндүк жабуунун боолору байланат.