КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ – архитекторлордун ыктыярдуу коомдук чыгар­мачыл уюму. 1938-ж. Фрунзеде кыргыз архи­текторлорунун уюмдаштыруу конф-ясында, СССР арх-лор союзунун курамында түзүлгөн. 1949-ж. өз алдынча Кыргыз ССР архитекторлор союзу болуп уюшулган. Союз арх-лорду бир уюмга баш коштуруп, алардын чеберчилиги м-н талантын өстүрүү, чыг-лык изденүүлөрүнө шарт түзүү ж-а жаш талапкерлерге камкордук кылуу милдетин аткарат. Ал идеялык-тарбия­лыкж-амаданий-агартууиштериндажүргүзөт: чыгармачыл кеңешмелер, долбоорлор ж-а куру­луштар б-ча талкуулар, архитекторлордун ква­лификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт, элге арх-ра ж-а курулуш маселелерин жайыл­тып, алдынкы тажрыйбаны пропагандалайт.
К. а. с-нун жетекчи органы – съезд. Съездде Союз­дун башкармасы шайланат. Жумушчу уюму – президиум ж-а секретариат. Союздун төрагала­ры: Г. А. Градов (1938– 41), В. Е. Верюжский (1941–43), Я. А. Штейнберг (1943–45), Проваров (1945–49), Е. Г. Писарской (1949–59), А. Исаев (1959–61, 1986–90), П. А. Афонин (1961 – 64), В. Г. Тычинский (1964–68), Е. Г. Писарской (1968–86), К. Алыкулов (1990–94, 1998–2001), Д. Өмүралиев (1994–98), А. Алсеитов (2001– 05), Э. Бекташев (2005-жылдан).