КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ – архитекторлордун ыктыярдуу коомдук чыгар­мачыл уюму. 1938-жылы Фрунзеде кыргыз архи­текторлорунун уюмдаштыруу конференциясында,Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) архитекторлор союзунун курамында түзүлгөн. 1949-жылы өз алдынча Кыргыз Советтик Социалисттик Республикалар архитекторлор союзу болуп уюшулган. Союз архитеторлорду бир уюмга баш коштуруп, алардын чеберчилиги менен талантын өстүрүү, чыгармачылык изденүүлөрүнө шарт түзүү жана жаш талапкерлерге камкордук кылуу милдетин аткарат. Ал идеялык,тарбия­лык, жана маданий-агартуу иштерин да жүргүзөт: Чыгармачыл кеңешмелер, долбоорлор жана куру­луштар боюнча талкуулар, архитекторлордун ква­лификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт, элге архитектура жана курулуш маселелерин жайыл­тып, алдынкы тажрыйбаны пропагандалайт.
Кыргыз архитекторлор союзунун жетекчи органы – съезд. Съездде Союз­дун башкармасы шайланат. Жумушчу уюму – президиум жана секретариат. Союздун төрагала­ры: Г. А. Градов (1938– 1941), В. Е. Верюжский (1941–1943), Я. А. Штейнберг (194319–45), Проваров (1945–1949), Е. Г. Писарской (1949–1959), А. Исаев (1959–1961, 1986–1990), П. А. Афонин (1961–1964), В. Г. Тычинский (1964–1968), Е. Г. Писарской (1968–1986), К. Алыкулов (1990–1994, 1998–2001), Д. Өмүралиев (199419–98), А. Алсеитов (2001–2005), Э. Бекташев (2005-жылдан) иштешкен.