КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ
КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ – узак ойнолуучу грампластинкалар жыйындысы; калктын муз.-адабий фольклорунун түрлөрү, багыттары ж-дөгү туңгуч муз. мурас. 1974-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу б-ча мамл. к-ти тарабынан Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасы аркылуу Ленинграддагы грампластинкалар з-дунан чыгарылган. Антология кыргыз, орус, англис тилиндеги түшүндүрмө китепчеден, 36 табактан (пластинка) турат. К. м. а-н Б. Алагушов, К. Камбаров, Т. Бөрүбаев, С. Мусаев, А. Акматалиев ж. б. түзгөн. Андагы 500дөн ашуун чыгарма төрт топко бөлүнгөн: 1) кыргыз күүлөрүнүн антологиясы. Мунун 14 табактан турган 1-бөлүмүндө элдик комуз күүлөрүнүн түрү, 18– 19-к-дагы комузчулардын күүлөрү бар (7 табак); 2) 19-к-дан берки комуз, кыяк, ооз комуз күүлөрүн камтыйт (7 табак); 3) кыргыз эл дастандарынын, терме ж-а айтыш ырларынын антологиясы (7 табак). Мында «Манас» жомогунан 18 үзүндү, «Курманбек», «Кедейкан», «Жаныш- Байыш» дастандары, «Карагул ботом» кошок дастандан тандалма үзүндүлөр, эскерме, айтыш, терме ырлардын үлгүлөрү бар; 4) кыргыз обондорунун антологиясына эзелки эл ырларынан азыркы белгилүү обондорго чейин киргизилген (9 табак); ошол учурдагы К. м. а-на кыргыз композиторлорунун тандалма ырлары ж-а романстары, хорлору, аспаптык, опералык, балеттик ж-а симф. чыгармалары топтоштурулган (6 табак).