КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ – узак ойнолуучу грампластинкалар жыйынды­сы; калктын музыкалык-адабий фольклорунун түрлөрү, багыттары жөнүндөгү туңгуч музыкалык мурас. 1974-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин Телекөр­сөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитети тара­бынан Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасы ар­кылуу Ленинграддагы грампластинкалар заводу­нан чыгарылган. Антология кыргыз, орус, анг­лис тилиндеги түшүндүрмө китепчеден, 36 та­бактан (пластинка) турат. Кыргыз музыка антолгиясын Б. Алагу­шов, К. Камбаров, Т. Бөрүбаев, С. Мусаев, А. Ак­маталиев жана башкалар түзгөн. Андагы 500дөн ашуун чыгарма төрт топко бөлүнгөн: 1) кыргыз күүлө­рүнүн антологиясы. Мунун 14 табактан турган 1-бөлүмүндө элдик комуз күүлөрүнүн түрү, XVIII–XIX кылымдардагы комузчулардын күүлөрү бар (7 табак); 2) XIX кылымдан берки комуз, кыяк, ооз комуз күү­лөрүн камтыйт (7 табак); 3) кыргыз эл дастан­дарынын, терме жана айтыш ырларынын анто­логиясы (7 табак). Мында «Манас» жомогунан 18 үзүндү, «Курманбек», «Кедейкан», «Жаныш- Байыш» дастандары, «Карагул ботом» кошок, дастандан тандалма үзүндүлөр, эскерме, айтыш, терме ырлардын үлгүлөрү бар; 4) кыргыз обон­дорунун антологиясына эзелки эл ырларынан азыркы белгилүү обондорго чейин киргизилген (9 табак); ошол учурдагы Кыргыз музыка антолгиясына кыргыз композиторлорунун тандалма ырлары жана ро­манстары, хорлору, аспаптык, опералык, балет­тик жана симфониялык чыгармалары топтоштурулган (6 табак).