КӨРӨҢГӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРӨҢГӨ – жаңыртып ачытуу үчүн идиштин түбүндө азыноолак калтырылган кымыз, бозо, максым. Аны күзгү кымыздын үрпүн (идиштеги кымыздын түбүнө чөккөн коюусунун сүзүп ж-а кургатып алынганы) чогултуп, ышталган ча­начтын түбүнө сактайт. Жаз келип, бээ саанга киргенде, ошол коюу үрптү саамалга же кайна­тылган жылымык сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2–3 күн ачытып, көпкө бышып, кымыз­ды көрөңгөлөп алат. О. эле кышкы же кеч күз­дөгү кымыздан (үрпү менен) муздак жерге тоң­дуруп коюп, К. катары пайдаланат. К-гө жара­ша ж а ш кымыз (бир күндүк), к ү ч т ү ү кы­мыз (эки күндүк) ж-а ө т к ү л кымыз (үч күндүк) деп аталат.