КӨРӨҢГӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРӨҢГӨ – жаңыртып ачытуу үчүн идиштин түбүндө азын-оолак калтырылган кымыз, бозо, максым. Аны күзгү кымыздын үрпүн (идиштеги кымыздын түбүнө чөккөн коюусунун сүзүп жана кургатып алынганы) чогултуп, ышталган ча­начтын түбүнө сактайт. Жаз келип, бээ саанга киргенде, ошол коюу үрптү саамалга же кайна­тылган жылымык сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2–3 күн ачытып, көпкө бышып, кымыз­ды көрөңгөлөп алат. Ошондой эле кышкы же кеч күз­дөгү кымыздан (үрпү менен) муздак жерге тоң­дуруп коюп, көрөңгө катары пайдаланат. Көрөңгөгө жара­ша ж а ш кымыз (бир күндүк), к ү ч т ү ү кы­мыз (эки күндүк) жана ө т к ү л кымыз (үч күндүк) деп аталат.