КӨПШӨК БЕТОН
КӨПШӨК БЕТО́Н , к ө п ш ө к к у й м а т а ш – көптүрүлгөн, илээшкек суюктук ж-а кремнезём сымал компоненттин аралашмасын катыруу м-н алынган жеңил бетон. Илээшкек зат катары портландцемент алынат. Ал жука майдаланган клинкер, гипс ж-а активдүү кошундулардан даярдалат. Цемент кошулбай даярдалуучу К. б-го акиташ колдонулат. Кремнезём компонентин колдонуу (негизинен кум) илээшкек материалды үнөмдөйт ж-а К. б-дун наркын төмөндөтөт. К. б. алынуу ыкмасына жараша газ бетон ж-а көбүк бетонго бөлүнөт. Газ бетон имараттарды жылуулоодо колдонулат.