КӨПШӨК БЕТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨПШӨК БЕТО́Н , к ө п ш ө к к у й м а т а ш – көптүрүлгөн, илээшкек суюктук жана кремнезём сымал компоненттин аралашмасын катыруу менен алынган жеңил бетон. Илээшкек зат ката­ры портландцемент алынат. Ал жука майдалан­ган клинкер, гипс жана активдүү кошундулар­дан даярдалат. Цемент кошулбай даярдалуучу көпшөк бетонго акиташ колдонулат. Кремнезём компо­нентин колдонуу (негизинен кум) илээшкек ма­териалды үнөмдөйт жана көпшөк бетондун наркын тө­мөндөтөт. Көпшөк бетон алынуу ыкмасына жараша газ бетон жана көбүк бетонго бөлүнөт. Газ бетон има­раттарды жылуулоодо колдонулат.