КӨКӨМЕРЕН КӨРҮСТӨНҮ
КӨКӨМЕРЕН КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 1-к. – б. з. 3-к-на таандык археол. эстелик. Жумгал районунун аймагында, Көкөмерен суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Таш-Дөбө мүрзөлөрдөн турат. Кээ бирлери таш коргондор м-н курчалган. 1953-ж. археолог А. К. Кибиров изилдеген. Казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.