КӨКӨМЕРЕН КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКӨМЕРЕН КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки I кылым – биздин замандын III кылымына таандык археологиялык эстелик. Жумгал району­нун аймагында, Көкөмерен суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Таш-Дөбө мүрзөлөрдөн турат. Кээ бирлери таш коргондор менен курчалган. 1953-жылы археолог А. К. Кибиров изилдеген. Казуу иште­ри жүргүзүлгөн эмес.