КЕНЕСАРЫ
КЕНЕСАРЫ Касымов (1802, Казакстан, Көкчө- Тоо аймагы – 1847, Кыргызстан, Токмокко жакын Май-Дөбө, Кекиликтин сеңири деген жерлер) – Казак хандыгынын Орто жүзүнөн чыккан акыркы ханы (1841–47), Абылай хандын небереси. Касымдын улуу аялынан Кенесары, Бопуй ж. б., кичүү аялынан Ноорузбайлар туулган. Абылай хандын баласы Вали хандын тушунда (1781–1821) Орто жүзгө Россиянын таасири күчөп, 1822-жылы орус падышасынын «Сибирь казактары тууралуу» буйругу м-н Орто жүз хандыгы жоюлган. Кокон хандыгы 1836-жылы Кенесарынын агасы Саржанды, 1840-жылы атасы Касым төрөнү өлтүрүп, Казакстандын түштүгүн карата баштаган. Кенесары Орто жүздө чоң атасы Абылай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү ж-а өзүнүн жеке бийлигин орнотууну эңсеген. Ал Казакстанда Россия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну, ошондой эле Кокон хандыгына каршы чечкиндүү түрдө күрөшүүгө аракеттенген. Кенесары Россиянын курамына кире элек казак жерлерин сактап калуу үчүн бир нече жолу Николай Iге, Оренбург генерал-губернаторлору В. А. Перовский, В. А. Обручев, Сибирь генерал-губернатору П. Д. Горчаковго кат жазып кайрылган. Бирок Россия империясы казактарга каршы аскер жүрүштөрүн уюштуруп, 1838-жылы Ак-Моло, Ак-Тоо чептерине кол салып, өрттөшкөн. 1841-жылы Кенесары Кокон хандыгынын карамагына өткөн Сузак, Жаңы-Коргон, Ак-Мечит чептерин кайра алган. 1843-жылдары орус аскери Кенесарыга каршы чечкиндүү аракетке өтүп, көптөгөн казак урууларын ага каршы коюуга жетишкен. Аскери азайып, абалы начарлаган Кенесары Борбордук Казакстанды калтырып, Жети-Сууга конуш которот. Кенесарынын 10 жылга созулган кыймылы (1837–47) басып алуучулук, талап-тоноо, зордук-зомбулук, кан төгүү м-н коштолгон (к. Кенесары хандын чапкыны). Ал Улуу жүз казагын ж-а кыргыздарды багындырууну, аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгына каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кыйла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кыймылдан алыстоого түрткөн. 1846-жылы Кенесары кыргыздарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягуз, Каркаралы, Көкбекти округдарынын айрым султандары хандан четтеп кетишкен. Улуу жүз казак султандары м-н бийлеринин көбү Россия тарапка оогон. Абалы начарлагандыгына карабастан, кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн Кенесары 1847-жылы кыргыздарга 2- жолу жортуул жасаган. Бул айыгышкан салгылашууда Кенесарынын колу Токмок шаарына жакын жерде кыргыздардан жеңилип, өзү Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор тарабынан Алмалуу-Сай деген жерде колго түшкөн. Оозеки маалыматтарда казактардын колунан өлгөн Субанбектин иниси Тайсары Кенесарынын башын кесип алган. Падыша өкмөтү анын башын Санкт- Петербург музейине көргөзмө кылып коюшкан.
Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в.).
Ф., 1945; Бекмаханов Е. Казакстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара-киргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Кенесары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., № 4, 2006.
Э. Турганбаев.