КЕНЕСАРЫ
КЕНЕСАРЫ Касым уулу (каз. Қасымұлы, ор. Касымов) [1802, азыркы Казакстан, Көкчө-Тоо аймагы – 1847, азыркы Кыргызстан, Токмок шаарына жакын Май-Дөбө, Кекиликтин сеңири деген жерлер] – Абылай хандын небереси. Казак Республикасынын тарыхында Казак хандыгынын акыркы ханы (1841–1847) болуп эсептелет. Наполеондун армиясы жеңилгенден кийин Орто жүзгө караштуу казак урууларына Россиянын таасири күчөп, 1822-жылы Орус өкмөтү «Сибирь казактары тууралуу» устав кабыл алган. Ал боюнча Орто жүздөгү бир нече майда хандыктарды жоюп, ордуна Көкчө-Тоо жана Каркаралы округдарын ачкан. Бул реформа бүтүндөй Орто Жүз жана Улуу Жүздөгү айрым уруулардын нааразылыгын туудурган, анткени ал жерлерде Абылай хандын көптөгөн тукумдары бийлеп турган. Бирок, алар алсыз болушкандыктан Вали хандын уулу Губайдулла (каз. Ғұбайдолла), Касым жана анын уулдары Саржан менен Кенесарыдан башкалары падышалык режимге каршы чыга алышкан эмес. 1824-жылы сентябрь айында Касым Аблайханов ал уставды жок кылып, орус аскерин аймактан алып кетүүнү талап кылган кат менен Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1822–1827) П. М. Капцевичке кайрылган. Ушул учурлардан баштап Касымдын улуу уулу Саржан орус чептерине кол сала баштаган. Бирок ал 1836-жылы Ташкенттин беклербеги тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Касым башка уулдары менен 1837-жылдын жазында Оренбургга караштуу жерлерге көчүп кеткен. 1840-жылы Кенесарынын атасы Касым төрө өлтүрүлгөндөн кийин Кокон хандыгы Казакстандын түштүгүн карата баштаган. Ушул мезгилден баштап Кенесары Орто жүздө чоң атасы Абылай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн жеке бийлигин орнотууга киришкен. Архив документтери боюнча 1841-жылы июнь айынын башында Кичүү Жүзгө караштуу жаппас (Бай уулу) жана чүмөкөй, төрткара, алчын, чекти (Алим уулу) урууларынын өкүлдөрүн элдештирүү үчүн чакан жыйында (айрым документтерде атасы Касымдын ашында) Кенесарыны ошол урууларга хан көтөрүү тууралуу кеңеш жүргөн. Ал казак элине Россия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну, ошондой эле Кокон хандыгына каршы чечкиндүү түрдө күрөшүүгө аракеттенген. Кенесары Россиянын курамына кире элек казак жерлерин сактап калуу үчүн бир нече жолу Николай Iге, Оренбург генерал-губернаторлору В. А. Перовский, В. А. Обручев, Сибирь генерал-губернатору П. Д. Горчаковго кат жазып кайрылган. Бирок Россия империясы казактарга каршы аскер жүрүштөрүн уюштуруп, 1838-жылы Ак-Моло, Ак-Тоо чептерине кол салып, өрттөшкөн. 1841-жылы Кенесары Кокон хандыгынын карамагына өткөн Сузак, Жаңы-Коргон, Ак-Мечит чептерин алган. 1843-жылдары орус аскери Кенесарыга каршы чечкиндүү аракетке өтүп, көптөгөн казак урууларын ага каршы коюуга жетишкен. Аскери азайып, абалы начарлаган Кенесары Борбордук Казакстанды калтырып, Жети-Сууга конуш которот. Кенесарынын 10 жылга созулган кыймылы (1837–1847) басып алуучулук, талап-тоноо, зордук-зомбулук, кан төгүү менен коштолгон (кара: Кенесары хандын чапкыны). Ал Улуу жүз казагын жана кыргыздарды багындырууну, аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгына каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кыйла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кыймылдан алыстоого түрткөн. 1846-жылы Кенесары кыргыздарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягөз, Каркаралы, Көкбекти округдарынын айрым султандары хандан четтеп кетишкен. Улуу жүз казак султандары менен бийлеринин көбү Россия тарапка оогон. Абалы начарлагандыгына карабастан, кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн Кенесары 1847-жылы кыргыздарга 2-жолу жортуул жасаган. Бул айыгышкан салгылашууда Кенесарынын колу Токмок шаарына жакын жерде кыргыздардан жеңилип, өзү Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор тарабынан Алмалуу-Сай деген жерде колго түшкөн. Оозеки маалыматтарда казактардын колунан өлгөн Субанбектин иниси Тайсары Кенесарынын башын кесип алган. Падыша өкмөтү көргөзмө үчүн анын башын Санкт-Петербургдагы музейге койдурушкан.
Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в.). Ф., 1945; Бекмаханов Е. Казакстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара-киргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Кенесары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., № 4, 2006.
Э. Турганбаев.