КЫРГЫЗ УЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЮ – Кырг-нда байыртадан асыра­лып келген жерг. уй. Маңдайы жазы, өңү кызыл, сары ала, кара, кара ала, күрөң ж. б. Кырг-ндын бардык аймагында багылат. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү К. у. Нарын обл-нда­гы уйларга кара-

ганда ирдүүрөөк.
Инегинин бийикт. 110,8–120,3 см, көкүрөк курчамы 152,9–165,4 см, тулку бою 137,5– 148,2 см. К. у. жем­чөптү колдон көп жебей, жыл бою жайытта багылат. Инегинин салмагы 280– 320 кг, букасыныкы 400–450 кгга жетет. Жа­йытта жакшы семирет. Бул учурда ар бир ноо­пас күнүнө 50–500 г эт кошот. Сүтүнүн майлуу­лугу 4,5–5%. К. у-н голланд ую м-н аргындаш­тыруудан сүт багытындагы олуя-ата ую, гере­форд ую м-н аргындаштыруудан эт багытында­гы казак ала баш ую, швиц ую м-н аргындаш­тыруудан сүт-эт багытындагы ала-тоо ую чыга­рылган.