КЫРГЫЗ УЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЮ – Кыргыстанда байыртадан асыра­лып келген жергиликтуу уй. Маңдайы жазы, өңү кызыл, сары ала, кара, кара ала, күрөң ж. б. Кыргызстандын бардык аймагында багылат. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү кыргыз уюу Нарын облусуннда­гы уйларга кара-

ганда ирдүүрөөк.
Инегинин бийиктиги 110,8–120,3 см,микөкүрөк курчамы 152,9–165,4 см, тулку бою 137,5– 148,2 см. Кыргыз уюу жем­-чөптү колдон көп жебей, жыл бою жайытта багылат. Инегинин салмагы 280– 320 кг, букасыныкы 400–450 кгга жетет. Жа­йытта жакшы семирет. Бул учурда ар бир ноо­пас күнүнө 50–500 г эт кошот. Сүтүнүн майлуу­лугу 4,5–5%. Кыргыз уюнун голланд ую м-н аргындаш­тыруудан сүт багытындагы олуя-ата ую, гере­форд ую м-н аргындаштыруудан эт багытында­гы казак ала баш ую, швиц ую м-н аргындаш­тыруудан сүт-эт багытындагы ала-тоо ую чыга­рылган.