«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ» – азыркы кыргыз тилиндеги сөздөр­дү бирдиктүү кабыл алынган нормада туура жазуу үчүн иштелип чыккан ж-а кыргыз лек­сикасындагы сөздөрдү камтыган сөздүк. «К. т. о. с.» коллективдүү эмгек катары 1-жолу ла­тын тамгасында (5 миң сөздөн турган) 1938-ж. басылып чыккан. 1942-ж. орус графикасына өт­көндүгүнө байланыштуу 7 миң сөздү камтыган 2-басылышы жарык көргөн (түзүүчү М. И. Бог­данова). 1956-ж. Х. Карасаев, Ю. Яншансин тарабынан кайрадан иштелип чыккан ж-а ал сөздүктөгү сөздөрдүн саны 11 миңге жеткен. 1966-ж. Х. Карасаев 60 миң сөздү камтыган орфогр. сөздүктү түзүүнү ишке ашырган ж-а 1983-ж. ал кайрадан (С. Давлетов, Р. Бекжанова­нын редакциясында) басылган.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги та­лаш-тартыш маселелерине байланыштуу анын жаңы редакциясы КРдин Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы 567-токтому м-н атайы бекитилген. Мына ушул эреженин неги­зинде Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүн» (1983) негиз кылып алуу м-н 80 миң сөздү кам­тыган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздү­гү» Н. Абдесов, Д. Андашев, А. Биялиев, С. Иб­раимов, А. Ибраимов, Т. Мамбетжунушов, Ж. Ма­мытов, Т. Маразыков тарабынан азыркы кыр­гыз тилинин лексикасы мүмкүн болушунча то­лук эске алынуу м-н толукталып, кошумчала­нып, 2009-ж. кайрадан Х. Карасаевдин автор­лугунда басылып чыкты. Мурда кирбей калган сөздөр, сөз формалары, адабий тилибиздин лек­сикасын байытууга өбөлгө түзө алат деген диа­лектилик сөздөр м-н диалектизмдер, жалпы элдик тилдин негизинде адабий тилдин лекси­касына кабыл алынган туруктуу сөз айкашта­ры – фразеологизмдер (эркин сөз айкаштары­нан башкасы), азыркы учурда илим-билим, тех­ника, экономика, иск-во, мад-т тармактары б-ча кеңири тараган ж-а түрдүү кесипчиликте колдонулган терминдер камтылды. Негизги «ал­фавит, графика, орфография» деген түшүнүктөр­гө басым коюлуу м-н, негизинен дүйнөлүк ор­фографияда орун алган 4 принцип (фонет., мор­фол., салттык, дифференциация) сакталды. О. эле КРдин саясий-адм. бөлүнүшү, Кыргыз Өк­мөтүнүн структурасына кирген мекемелердин аталыштары, дүйнөдөгү мамлекеттердин ж-а ээликтердин, алардын борбор шаарларынын, акча бирдиктеринин аталыштары м-н толук­талды.

Д. Андашев.