«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ» – азыркы кыргыз тилиндеги сөздөр­дү бирдиктүү кабыл алынган нормада туура жазуу үчүн иштелип чыккан жана кыргыз лек­сикасындагы сөздөрдү камтыган сөздүк. «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» коллективдүү эмгек катары 1-жолу ла­тын тамгасында (5 миң сөздөн турган) 1938-жылы басылып чыккан. 1942-жылы орус графикасына өт­көндүгүнө байланыштуу 7 миң сөздү камтыган 2-басылышы жарык көргөн (түзүүчү М. И. Бог­данова). 1956-жылы Х. Карасаев, Ю. Яншансин тарабынан кайрадан иштелип чыккан жана ал сөздүктөгү сөздөрдүн саны 11 миңге жеткен. 1966-жылы Х. Карасаев 60 миң сөздү камтыган орфографиялык сөздүктү түзүүнү ишке ашырган жана 1983-жылы ал кайрадан (С. Давлетов, Р. Бекжанова­нын редакциясында) басылган.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги та­лаш-тартыш маселелерине байланыштуу анын жаңы редакциясы КРдин Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы 567-токтому менен атайы бекитилген. Мына ушул эреженин неги­зинде Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүн» (1983) негиз кылып алуу менген 80 миң сөздү кам­тыган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздү­гү» Н. Абдесов, Д. Андашев, А. Биялиев, С. Иб­раимов, А. Ибраимов, Т. Мамбетжунушов, Ж. Ма­мытов, Т. Маразыков тарабынан азыркы кыр­гыз тилинин лексикасы мүмкүн болушунча то­лук эске алынуу менген толукталып, кошумчала­нып, 2009-жылы кайрадан Х. Карасаевдин автор­лугунда басылып чыкты. Мурда кирбей калган сөздөр, сөз формалары, адабий тилибиздин лек­сикасын байытууга өбөлгө түзө алат деген диа­лектилик сөздөр менен диалектизмдер, жалпы элдик тилдин негизинде адабий тилдин лекси­касына кабыл алынган туруктуу сөз айкашта­ры – фразеологизмдер (эркин сөз айкаштары­нан башкасы), азыркы учурда илим-билим, тех­ника, экономика, искусство, маданият тармактары боюнча кеңири тараган жана түрдүү кесипчиликте колдонулган терминдер камтылды. Негизги «ал­фавит, графика, орфография» деген түшүнүктөр­гө басым коюлуу менен, негизинен дүйнөлүк ор­фографияда орун алган 4 принцип (фонетикалык, мор­фологиялык, салттык, дифференциация) сакталды. Ошондой эле КРдин саясий-админстративдик бөлүнүшү, Кыргыз Өк­мөтүнүн структурасына кирген мекемелердин аталыштары, дүйнөдөгү мамлекеттердин жана ээликтердин, алардын борбор шаарларынын, акча бирдиктеринин аталыштары менген толук­талды.

Д. Андашев.