КАЛАШНИКОВ Николай Семёнович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЛАШНИКОВ to КАЛАШНИКОВ Николай Семёнович) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛА́ШНИКОВ Николай Семёнович [18. 12. 1913, Пишпек шаары (азыркы Бишкек) – 14. 8. 1944, Каунас шаары] – Советтер Союзунун Баатыры (24. 3. 1945, өлгөндөн кийин). 1935-жылдан Советтик Армияда.

Фрунзе айыл чарба техникумун бүтүп (1934), зоотехник бо­луп иштеген. Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы жөө аскер командирлер окуу жайын бүткөн (1938) соң, лейтенант деген наам м-н ошол окуу жайында иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-жылы май айынан аткыч­тар полкунун штаб началь­ниги, 1943-жылы июлдан 19-танкалык бригаданын мотордошкон батальону­нун командири. Калашников Витебск, Теолочин шаарларын бо­шотууга, душмандардын Орша тобун кыйратууга катышкан. Анын батальону Березина дарыясынан би­ринчи болуп өтүп, Минскини, Литванын шаар ­кыштактарын бошотушкан. Калашников 1944-жылы 14-ав­густта баатырларча курман болгон. Каунаста­гы Ашменос көчөсүнүн № 62-үйүндө, Ташкент аскердик окуу жайында ж-а Бишкектеги мек­теп дубалында ага эстелик такта орнотулган.