КЫЙЫШТЫРУУ
КЫЙЫШТЫРУУ , т р а н с п л а н т а ц и я – бир өсүмдүктү экинчисине калемчеси же бүчүрү (көзчөсү) аркылуу улоо. Кыйыштырылган өсүмдүктөрдүн төмөнкүсү кыюу асты, үстүнкүсү кыюу үстү деп аталат. К-да кыюу асты м-н кыюу үстүнүн камбийлери бири бирине кыналып, натыйжада алар биригип өсүп, бирдиктүү өсүмдүк организмин пайда кылат. Багбанчылыкта К.– мөмө өсүмдүгүнүн керектүү сортун вегетациялык жол м-н көбөйтүүнүн негизги ыкмасы. К-нун максаты: тамыры топурак-климат шартына көнүкпөгөн (тоңгон, ашыкча нымды көтөрө албаган ж. б.) кыюу астын алмаштыруу; кыюу үстүн чарбалык жактан баалуу, суукка чыдамдуу, илдет, зыянкечке туруктуусу м-н алмаштыруу; бийик же жапыз, кооз өсүмдүк түрүн алуу. К-нун 2 түрү бар: бүчүр (көзчө) аркылуу К. (окулировка) ж-а бир нече бүчүрү бар калемче аркылуу К. (копулировка). К. кышкы, жазгы,

жайкы К. болуп да айырмаланат. Кышкы К. өсүмдүктүн тыным мезгилинде, кыштын 2-жарымында үйдө, теплицада жүргүзүлөт. Жазгы К. аба ырайынын шартына жараша март–июнда, жайкы июлдан сентябрга чейин жүргүзүлөт. Бүчүрү м-н К. – мөмө дарактарын питомникте көбөйтүүнүн негизги ыкмасы. Кыюу асты үчүн питомникте 1-жылы өстүрүлүп жаткан көчөт алынат. Анын кабыгы оңой ажыраш үчүн камбийдин тез өсүшүнө шарт түзүлүп (илдет, зыянкечтен корголуп, түптөлүп, сугарылып), даярдалат. К. үчүн түптөлгөн топурак ачылып, жерден 5–7 см жогору кабыгы Т түрүндө кесилет. Кыюу үстүнө мөмөлөөчү дарактын четки, жарык жакшы түшкөн шагынан уз. 30–40 см, жоондугу 6 смден кем эмес калемче кесилип, улоо үчүн анын ортосундагы мыкты бүчүрү пайдаланылат. Бүчүр кабыгы (кээде бир аз жыгачы) м-н кошо кесилип, Т түрүндө кесилген жаракага кынап киргизилип, бекем таңылат. 15–20 күндө бүчүр өсүп чыгат. Калемчелеп К. кыйгач кесип, «тилче» аркылуу, тилкелеп, боорунан тилип, шынаа түрүндө, көпүрөчө, кабык астына улоо ж. б. түргө бөлүнөт. Кыйгач кесип улоо питомникте же бактагы дарактын 1–2
жылдык бирдей жоондуктагы бутагын улоодо колдонулат. Түтүк (шакекче) аркылуу К-да кыюу астынын кабыгы кыйыштырылуучу жерден эки жолу тегерете шакекче түрүндө кесилип, дарактан ажыратылып алып ташталат. Кыюу үстүндө, о. эле шакекче (бүчүрү м-н) кесилип алынып, кыюу астынын кабыгы ачылган жерине бекитилет. Жакындаштырып К. же аблакатировкада кыюу үстү өскөн өсүмдүгүнөн ажыратылбастан, кыюу асты м-н бириктирилет да, алар биригип өскөндөн кийин гана ажыратылат.
Ад.: Кренке Н. П. Трансплантация растений. М., 1966; Билек О., Гануш Б. Прививка плодовых культур/Пер. с чеш. А.-А., 1986.