КЫЙЫШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЙЫШТЫРУУ , т р а н с п л а н т а ц и я – бир өсүмдүктү экинчисине калемчеси же бүчүрү (көзчөсү) аркылуу улоо. Кыйыштырылган өсүмдүктөрдүн төмөнкүсү кыюу асты, үстүнкүсү кыюу үстү деп аталат. Кыйыштырууда кыюу асты м-н кыюу үстүнүн камбийлери бири бирине кыналып, натыйжада алар биригип өсүп, бирдиктүү өсүмдүк организмин пайда кылат. Багбанчылыкта кыйыштыруу – мөмө өсүмдүгүнүн керектүү сортун вегетациялык жол м-н көбөйтүүнүн негизги ыкмасы. Кыйыштыруунун максаты: тамыры топурак-климат шартына көнүкпөгөн (тоңгон, ашыкча нымды көтөрө албаган ж. б.) кыюу астын алмаштыруу; кыюу үстүн чарбалык жактан баалуу, суукка чыдам­дуу, илдет, зыянкечке туруктуусу м-н алмаштыруу; бийик же жапыз, кооз өсүмдүк түрүн алуу. Кыйыштыруунун 2 түрү бар: бүчүр (көзчө) аркылуу кыйыштыруу (окулировка) ж-а бир нече бүчүрү бар калемче аркылуу кыйыштыруу (копулировка). Кыйыштыруу кышкы, жазгы,

Калемчени кыйыштыруу: 1 – кыюу асты; 2 – кыюу үстү.

жайкы кыйыштыруу болуп да айырмаланат. Кышкы кыйыштыруу өсүмдүктүн тыным мезгилинде, кыштын 2-жа­рымында үйдө, теплицада жүргүзүлөт. Жазгы кыыштыруу аба ырайынын шартына жараша март–июнда, жайкы июлдан сентябрга чейин жүргүзүлөт. Бүчүрү м-н кыйыштыруу – мөмө дарактарын питомникте көбөйтүүнүн негизги ыкмасы. Кыюу асты үчүн питомникте 1-жылы өстүрүлүп жаткан көчөт алынат. Анын кабыгы оңой ажыраш үчүн кам­бийдин тез өсүшүнө шарт түзүлүп (илдет, зыян­кечтен корголуп, түптөлүп, сугарылып), даяр­далат. Кыйыштыруу үчүн түптөлгөн топурак ачылып, жерден 5–7 см жогору кабыгы Т түрүндө кесилет. Кыюу үстүнө мөмөлөөчү дарактын четки, жарык жакшы түшкөн шагынан узундугу 30–40 см, жоондугу 6 смден кем эмес калемче кесилип, улоо үчүн анын ортосундагы мыкты бүчүрү пайдаланылат. Бүчүр кабыгы (кээде бир аз жыгачы) м-н кошо кесилип, Т түрүндө кесилген жаракага кынап киргизилип, бекем таңылат. 15–20 күндө бүчүр өсүп чыгат. Калемчелеп кыйыштыруу кыйгач кесип, «тилче» аркылуу, тилкелеп, боорунан тилип, шынаа түрүндө, көпүрөчө, кабык астына улоо ж. б. түргө бөлүнөт. Кыйгач кесип улоо питомникте же бактагы дарактын 1–2

жылдык бирдей жоондуктагы бутагын улоодо колдонулат. Түтүк (шакекче) аркылуу кыйыштырууда кыюу астынын кабыгы кыйыштырылуучу жерден эки жолу тегерете шакекче түрүндө кесилип, дарактан ажыратылып алып ташталат. Кыюу үстүндө, ошондой эле шакекче (бүчүрү м-н) кесилип алынып, кыюу астынын кабыгы ачылган жерине бекитилет. Жакындаштырып кыйыштыруу же аблакати­ровкада кыюу үстү өскөн өсүмдүгүнөн ажыратыл­бастан, кыюу асты м-н бириктирилет да, алар биригип өскөндөн кийин гана ажыратылат.

Ад.: Кренке Н. П. Трансплантация растений. М., 1966; Билек О., Гануш Б. Прививка плодовых культур/Пер. с чеш. А.-А., 1986.