КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ – тамак сиңирүү системасынын карын м-н кулкунду бириктирүүчү узун ичке түтүк сымал бөлүгү. Уз. 23-25 см. К. ө-түн капталы үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары бөлүп чыгарган суюктуктун жардамы м-н жутулган тамак жылмышып, карынга түшөт. Ортонкусу былжыр челдин алдындагы катмар. Сырткы катмары кызыл өңгөчтүн диа­метрин тамак өткөндө өзгөртүп (кеңейтип, та­рытып) туруучу булчуңдардан турат. Бул бул­чуңдардын перистальтика кыймылынын натый­жасында тамак карынга жылат. Булчуңдардын ырааттуу жыйрылышы (перистальтика) бардык тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнө мүнөз­дүү. К. ө-түн тамак турган жерден өйдөрөөктөгү тегерек булчуң жыйрылып, андан төмөн жагын­дагы булчуңу бошоңдоп, тамак төмөнкү кеңей­ген бөлүгүнө жылат. Мындай ырааттуу кыймыл­дын натыйжасында тамак 5-6 секундда карынга жетет.