КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ
КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ – тамак сиңирүү системасынын карын м-н кулкунду бириктирүүчү узун ичке түтүк сымал бөлүгү. Узундугу 23-25 см. Кызыл өңгөчтүн капталы үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары бөлүп чыгарган суюктуктун жардамы м-н жутулган тамак жылмышып, карынга түшөт. Ортонкусу былжыр челдин алдындагы катмар. Сырткы катмары кызыл өңгөчтүн диаметрин тамак өткөндө өзгөртүп (кеңейтип, тарытып) туруучу булчуңдардан турат. Бул булчуңдардын перистальтика кыймылынын натыйжасында тамак карынга жылат. Булчуңдардын ырааттуу жыйрылышы (перистальтика) бардык тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнө мүнөздүү. Кызыл өңгүчтүн тамак турган жерден өйдөрөөктөгү тегерек булчуң жыйрылып, андан төмөн жагындагы булчуңу бошоңдоп, тамак төмөнкү кеңейген бөлүгүнө жылат. Мындай ырааттуу кыймылдын натыйжасында тамак 5-6 секундда карынга жетет.