КЫРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРМА – жыгачтан аяк, табак, чөйчөк, бешик туткасы, бишкек сап, тактанын буттары сыяк­туу буюмдарды кырып жасоо ж-а кооздоо үчүн колдонулуучу аспап. К. бут м-н айландырылып, идиш же буюм жасалуучу жыгачтарды кысып алуучу тетиги ж-а учтары түрдүүчө (түз, кый­гач, ачакей, айчык) абалда курчутулган кыр­гыч темири бекитилчү жери, аны ары-бери, оңго­солго жылдырып туруучу бөлүгү болгон. К. м-н узанган адамды к ы р м а ч ы дешет.