КЫРМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРМА – жыгачтан аяк, табак, чөйчөк, бешик туткасы, бишкек сап, тактанын буттары сыяктуу буюмдарды кырып жасоо жана кооздоо үчүн колдонулуучу аспап. Кырма бут менен айландырылып, идиш же буюм жасалуучу жыгачтарды кысып алуучу тетиги жана учтары түрдүүчө (түз, кыйгач, ачакей, айчык) абалда курчутулган кыргыч темири бекитилчү жери, аны ары-бери, оңго-солго жылдырып туруучу бөлүгү болгон. Кырма менен узанган адамды к ы р м а ч ы дешет.