«КЫРК КЫЗ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРК КЫЗ» – каракалпак элинин баатырдык эпосу. Анда каракалпак элинин эркиндикке, теңдикке болгон умтулуусу, чет элдик баскын­чыларга каршы баатырдык күрөшү баяндалат. Күрөш Аллаярдын Саркоп чебин калмактар бу­зуп, мал-мүлкүн талап, элин туткундап, өз же­рине айдап кеткенинен башталып, Гүлайым баштаган кырк кыз өзгөчө баатырдык, турук­туулук көрсөтүп, өз элин калмактан бошотушу м-н аяктайт. Эпостун «К. к.» аталышы да ушун­дан. Мындай адилеттүү жеңишке Гүлайым баш­таган кырк кыз талоончул Хива хандарына, Иран шахына каршы күрөштө да ээ болот. Эпос­тун окуяларына караганда, чыгарманын жара­лыш доору 17–18-к-га таандык. «К. к.» жомок­чу Курбанбай Тажибаевден 1940-ж. жазылып алынып, жарыяланган. Ал көп тилдерге (а. и. кыргыз тилине да) которулган.