КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ Г. А й т и е в а т н. – сүрөт иск-восунун мыкты үлгүлөрү топтолуучу мада­ний мекеме. Көркөм сүрөт иск-восунун чыгар­маларын ил. изилдөө, пропагандалоо иштерин да жүргүзөт. 1935-ж. Фрунзеде Кыргыз мамл. картина галереясы катары ачылып– ага Моск­вадагы Третьяков галереясынан– РСФСР музей фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада чыгармалары алынып келинген. Музейди уюш-

турууда C. Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчү­лөрдү биринчи жолу Эмен багындагы (азыркы Ч. Айтматов атн. парк) реконструкцияланган има­ратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-ж. курулган (арх. Д. Ырыскулов– В. Назаров ж-а Ш. Жекшенбаев– инженер А. Юсупов, Кыргыз CCРинин Токтогул атн. мамл. сыйл., 1976). Му­зейдин живопись– графика– скульптура сактоо­чу– жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү– рестав­рация өнөрканасы– китепкана– фотолаборато­рия– кинолекторий– методика кабинеттери, экс­позиция залдары, скульптура аянты бар. Му­зей коллекциясынын негизин C. Чуйков– Г. Ай­тиев– C. Акылбеков– В. Образцов– А. Игнатьев– О. Мануйлова– Л. Ильина– А. Михалёв– Т. Cа­дыков– Ж. Үмөтов– C. Ишенов ж. б. кыргыз сү­рөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонатта­ры жаңы табылгалар м-н үзбөй толукталып турат. Директорлору: А. И. Игнатьев, К. Усуба­лиева, М. Юсупова, 1997-жылдан Ю. Шыгаев.