КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ
КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ Г. А й т и е в а т ы н д а. – сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү топтолуучу маданий мекеме. Көркөм сүрөт искусствосунун чыгармаларын илимий изилдөө, пропагандалоо иштерин да жүргүзөт. 1935-жылы Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик картина галереясы катары ачылып, ага Москвадагы Третьяков галереясынан, Россия Советтик Социалисттик Федерация Республикалар Союзу (РСФСР) музей фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада чыгармалары алынып келинген. Музейди

уюштурууда C. Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчүлөрдү биринчи жолу Эмен багындагы (азыркы Ч. Айтматов атындагы парк) кайрадан калыбына келтирилген имаратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-жылы курулган (архитектура Д. Ырыскулов, В. Назаров жана Ш. Жекшенбаев, инженер А. Юсупов, Кыргыз CCРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, 1976). Музейдин живопись, графика, айкел сактоочу, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, кайрадан калыбына келтирилген өнөрканасы, китепкана, фотолаборатория, кинолекторий, методика кабинеттери, экспозиция залдары, айкел аянты бар. Музей коллекциясынын негизин C. Чуйков, Г. Айтиев, C. Акылбеков, В. Образцов, А. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Михалёв, Т. Cадыков, Ж. Үмөтов, C. Ишенов жана башка кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонаттары жаңы табылгалар менен үзбөй толукталып турат. Директорлору: А. И. Игнатьев, К. Усубалиева, М. Юсупова, 1997-жылдан Ю. Шыгаев.