КЫРГЫЗСТАН АДАМ РЕПРОДУКЦИЯСЫ ИЛИМИЙ БОРБОРУ (КАРИБ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН АДАМ РЕПРОДУКЦИЯСЫ ИЛИМИЙ БОРБОРУ (КАРИБ) – балдар м-н аялдарга мед. тейлөөнү жакшыртуу, калктын тукум улантууга байланышкан саламаттыгын изилдөө ж-а калыбына келтирүү б-ча ил. иш­терди жүргүзүүчү мекеме. 1997-ж. уюшулган. КРдин Саламаттык сактоо министрлигине ка­раштуу. КАРИБ аял м-н эркектин тукум улан­туу системасынын түрдүү ооруларын өз убагын­да дарылоо ж-а алдын алуу б-ча натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгуу максатын көздөйт. Борбордо амбулаториялык ж-а адистешкен ста­ционардык кызмат иштейт. Амбулаториялык кызматтын пренаталдык (төрөт алдында) диаг­ноздоо ж-а мед.-ген. кеңеш берүү, микробиол., биохим., жалпы клиникалык изилдөө, цито­ген. изилдөө ж. б. лабор-лары бар. О. эле үй­бүлөнү пландоо, физиотерапия, андрология, тукумсуздук, акушер-гинекология, гинеколог­эндокринолог, балдар гинекологиясы, жатын моюнчасынын патологиясы б-ча адистешкен кабинеттери иштейт. Стационар бөлүмүндө ги­некол. эндокринология, реанимация ж-а анес­тезиология, гинекол. хирургия ж-а эндоскопия, аялдардын репродукциялык функциясын дары­лоо бөлүмчөлөрү бар. Бул борбор балдар гине­кологиясы, мед. генетика ж-а тукум улантуу­чулугун, о. эле аялдын ж-а эркектин тукум улантуу системасынын патологиясын, клини­калык өтүшүн ж-а өзгөчөлүгүн изилдейт. Бор­бордо медицина илимдеринин 3 доктору, 7 кан­дидаты эмгектенет (2010).