КЫРГЫЗСТАН АДАМ РЕПРОДУКЦИЯСЫ ИЛИМИЙ БОРБОРУ (КАРИБ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН АДАМ РЕПРОДУКЦИЯСЫ ИЛИМИЙ БОРБОРУ (КАРИБ) – балдар м-н аялдарга медициналык тейлөөнү жакшыртуу, калктын тукум улантууга байланышкан саламаттыгын изилдөө ж-а калыбына келтирүү боюнча илимий иш­терди жүргүзүүчү мекеме. 1997-ж. уюшулган. КРдин Саламаттык сактоо министрлигине ка­раштуу. КАРИБ аял м-н эркектин тукум улан­туу системасынын түрдүү ооруларын өз убагын­да дарылоо ж-а алдын алуу боюнча натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгуу максатын көздөйт. Борбордо амбулаториялык ж-а адистешкен ста­ционардык кызмат иштейт. Амбулаториялык кызматтын пренаталдык (төрөт алдында) диаг­ноздоо ж-а медициналык-генетикалык кеңеш берүү, микробиологиялык, биохимиялык, жалпы клиникалык изилдөө, цито­генетикалык изилдөө ж. б. лабораториялары бар. Ошондой эле үй­-бүлөнү пландоо, физиотерапия, андрология, тукумсуздук, акушер-гинекология, гинеколог­эндокринолог, балдар гинекологиясы, жатын моюнчасынын патологиясы боюнча адистешкен кабинеттери иштейт. Стационар бөлүмүндө ги­некологиялык эндокринология, реанимация ж-а анес­тезиология, гинекологиялык хирургия ж-а эндоскопия, аялдардын репродукциялык функциясын дары­лоо бөлүмчөлөрү бар. Бул борбор балдар гине­кологиясы, медициналык генетика ж-а тукум улантуу­чулугун, ошондой эле аялдын ж-а эркектин тукум улантуу системасынын патологиясын, клини­калык өтүшүн ж-а өзгөчөлүгүн изилдейт. Бор­бордо медицина илимдеринин 3 доктору, 7 кан­дидаты эмгектенет (2010).