«КЫРГЫЗСТАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗСТАН» – деңиз деңг. 1450 м бийик­тиктеги тоо климаттык, кардиол. санаторий. Ала-Арча өрөөнүндө Бишкектен 26 км түш-тө жайгашкан. Климаты мелүүн, июль айынын ор­точо темп-расы +20°С, кышы жумшак, январь айынын орточо темп-расы –4°С, күн нурунун жерге тийиши жылына орто эсеп м-н 2600 с. Абанын нымдулуугу 60%тей. Дарылоодо аба ваннасын, күндүн, өзгөчө ультра кызгылт-көк нурун, абадагы иондорду, аэрозолду кеңири кол­донууга мүмкүнчүлүк бар. О. эле өлчөмдүү кый­мыл терапиясы жүрөк-кан тамыр ооруларында жүрөк ж-а дене булчуңдарынын иштешин күчөтөт, кандын жылышын, дем алуу органда­рынын иштешин чыңайт. Бул санаторийде жүрөк инфарктын реабилитациядан өткөрүүчү атайын бөлүм иштейт.