«КЫРГЫЗСТАН»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КЫРГЫЗСТАН» – деңиз деңг. 1450 м бийиктиктеги тоо климаттык, кардиол. санаторий. Ала-Арча өрөөнүндө Бишкектен 26 км түш-тө жайгашкан. Климаты мелүүн, июль айынын орточо темп-расы +20°С, кышы жумшак, январь айынын орточо темп-расы –4°С, күн нурунун жерге тийиши жылына орто эсеп м-н 2600 с. Абанын нымдулуугу 60%тей. Дарылоодо аба ваннасын, күндүн, өзгөчө ультра кызгылт-көк нурун, абадагы иондорду, аэрозолду кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк бар. О. эле өлчөмдүү кыймыл терапиясы жүрөк-кан тамыр ооруларында жүрөк ж-а дене булчуңдарынын иштешин күчөтөт, кандын жылышын, дем алуу органдарынын иштешин чыңайт. Бул санаторийде жүрөк инфарктын реабилитациядан өткөрүүчү атайын бөлүм иштейт.