КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СҮРӨТЧҮЛӨР СОЮЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СҮРӨТЧҮЛӨР СОЮЗУ – респ-дагы сүрөтчүлөрдү (живописчи­лерди, скульпторлорду, графиктерди), жасалга­колдонмо өнөрүнүн чеберлерин ж-а иск-во таа­нуучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм. 1933-ж. уюштурулган. 1934-ж. жетекчи органы шайланган. Союз сүрөтчүлөрдүн чебер­чилиги м-н талант кудуретин өстүрүүгө, чыг-лык изденүүлөрүнө көмөктөшүп, жаштардын чыг­лык жактан калыптануусуна кам көрөт. Сүрөт­чүлөрдүн идеялык-тарбиялык, кесиптик ж-а теор. деңгээлин көтөрүү б-ча иш жүргүзөт: чы­гармачыл талкуу, командировка, түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүн, конф-я ж. б. уюштурат, мыкты сүрөт үлгүлөрүн элге жайылтууга көмөктөшөт. Союздун карамагына КР сүрөт фонду м-н сүрөт­чүлөрдүн Ош обл. бөлүмү кирет. Союздун төра­галары: С. Чуйков (1933–37), А. Евдаков (1937– 40), Г. Айтиев (1940–52, 1954–68), А. Михалёв (1952–54), Т. Садыков (1968–83), Ж. Үмөтов (1988), С. Чокморов (1988–92), С. Айтиев (1992– 96), Ж. Кадралиев (1996), Ж. Молдакматов (1996–98), Т. Курманов (1998-жылдан).