КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СҮРӨТЧҮЛӨР СОЮЗУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СҮРӨТЧҮЛӨР СОЮЗУ – республикадагы сүрөтчүлөрдү (живописчилерди, айкелчилерди, графиктерди), жасалга-колдонмо өнөрүнүн чеберлерин жана искусство таануучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм. 1933-жылы уюштурулган. 1934-жылы жетекчи органы шайланган. Союз сүрөтчүлөрдүн чеберчилиги менен талант кудуретин өстүрүүгө, чыгармачылык изденүүлөрүнө көмөктөшүп, жаштардын чыгармачылык жактан калыптануусуна кам көрөт. Сүрөтчүлөрдүн идеялык-тарбиялык, кесиптик жана теориялык деңгээлин көтөрүү боюнча иш жүргүзөт: Чыгармачыл талкуу, командировка, түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүн, конференция жана башкаларды уюштурат, мыкты сүрөт үлгүлөрүн элге жайылтууга көмөктөшөт. Союздун карамагына Кыргыз Республикасы сүрөт фонду менен сүрөтчүлөрдүн Ош облустук бөлүмү кирет. Союздун төрагалары: С. Чуйков (1933–1937), А. Евдаков (1937–1940), Г. Айтиев (1940–1952, 1954–1968), А. Михалёв (1952–1954), Т. Садыков (1968–1983), Ж. Үмөтов (1988), С. Чокморов (1988–1992), С. Айтиев (1992–1996), Ж. Кадралиев (1996), Ж. Молдакматов (1996–1998), Т. Курманов (1998-жылдан).