КЫТАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫТАЕВ Насыр (июнь, 1917, Чүй өрөөнү, азыр­кы Аламүдүн р-ну, Кой-Таш кыш. – 6. 8. 1999


ошол эле жер) – Кыргыз ССР эл арт. (1967).

Фрунзедеги муз. окуу жайында окуган (1932). Москвадагы А. Луначарский атн. театр ин-ту­нун актёрдук ф-тин В. А. Орловдон таалим алып бүтүргөн (1941). Кыргыз мамл. драма театрында 43 жыл иштеп, 150дөн ашык роль аткарган. Улуттук театр иск-восунун өнүгүшүндө чоң салым кошкон. К-ге образ­дардын коомдук ордун так ачып берүү мүнөздүү. Не­гизгилери: Лир, Кассио (У. Шекспир, «Король Лир», «Отелло»), Фердинанд (И. Шиллер, «Жүзү каралык Жан а сүйүү»), Осип (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Паратов, Любим Тарцов (А. Островский, «Сеп­сиз кыз», «Кедейлик кемтик эмес»), Олег Ко­шевой (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Курман-

Н. Кытаев – Курманбек, К. Жантөшевдин «Курман­бек» спектакли.

бек, Камалбек апенди (К. Жантөшев, «Курман­бек», «Каныбек»), Үмөталы (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Бабажан корбашы (К. Ма­ликов, «Бийик жерде»), Нияз, Сабыр, Садыр­кул, Катаган (Т. Абдумомунов, «Абийир ке­чирбейт», «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Сүйүү жана үмүт»), Болот (А. Көбөгөнов, «Бо­лот менен Тынар»), ж. б. Операда: Учей-Фунун (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Кошойдун (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас»), Кузнецовдун (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз») ж. б. партияларын аткарган. К. киного да тартыл­ган («Салтанат», «Биринчи мугалим», «Саман­чынын жолу», «Каныбек», «Токтогул», «Жоро», «Көчө» ж. б.). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белги­си» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.


Ад.: Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Бруд­ный Д. Театральное искусство Киргизии. М., 1959.