КЫТАЕВ
КЫТАЕВ Насыр (июнь, 1917, Чүй өрөөнү, азыркы Аламүдүн району, Кой-Таш кыштагы – 6. 8. 1999, ошол эле жер) – Кыргыз ССР эл артисти (1967).


Фрунзедеги музыкалык окуу жайында окуган (1932). Москвадагы А. Луначарский атындагы театр институтунун актёрдук факультетин В. А. Орловдон таалим алып бүтүргөн (1941). Кыргыз мамлекеттик драма театрында 43 жыл иштеп, 150дөн ашык роль аткарган. Улуттук театр искусстосунун өнүгүшүндө чоң салым кошкон. Кытаевге образдардын коомдук ордун так ачып берүү мүнөздүү. Негизгилери: Лир, Кассио (У. Шекспир, «Король Лир», «Отелло»), Фердинанд (И. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү»), Осип (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Паратов, Любим Тарцов (А. Островский, «Сепсиз кыз», «Кедейлик кемтик эмес»), Олег Кошевой (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Курманбек, Камалбек апенди (К. Жантөшев, «Курманбек», «Каныбек»), Үмөталы (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»),
Бабажан корбашы (К. Маликов, «Бийик жерде»), Нияз, Сабыр, Садыркул, Катаган (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт», «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Сүйүү жана үмүт»), Болот (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), жана башкалар. Операда: Учей-Фунун (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Кошойдун (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас»), Кузнецовдун (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз») жана башка партияларын аткарган. Н. Кытаев киного да тартылган («Салтанат», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Токтогул», «Жоро», «Көчө» жана башкалар). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Брудный Д. Театральное искусство Киргизии. М., 1959.