КЫСЫР КАЛУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫСЫР КАЛУУ – тубар малдын төлдөбөй ка­лышы. К. к-нун негизги себептери: колдон урук­тандырууну уюштурууда ж-а жүргүзүүдө кети­рилген кемчиликтер (урук алууда вет.-санит. эрежелердин сакталбашы, колдон уруктанды­руунун туура эмес жүргүзүлүшү, куут планынын жоктугу, кысыр малды өз убагында куутка кош­поо ж. б.); малдын төлдөө жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу (туура тоюттандырбоо, ылаңдоо, мал­дын карышы ж-а уругунун төл алууга тубаса жарамсыздыгы ж. б.).