КЫСЫР КАЛУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫСЫР КАЛУУ – тубар малдын төлдөбөй ка­лышы. Кысыр калуунун негизги себептери: колдон урук­тандырууну уюштурууда ж-а жүргүзүүдө кети­рилген кемчиликтер (урук алууда вееринария-санититариялык эрежелердин сакталбашы, колдон уруктанды­руунун туура эмес жүргүзүлүшү, куут планынын жоктугу, кысыр малды өз убагында куутка кош­поо ж. б.); малдын төлдөө жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу (туура тоюттандырбоо, ылаңдоо, мал­дын карышы ж-а уругунун төл алууга тубаса жарамсыздыгы ж. б.).