КӨРҮШҮҮ ЫРЛАРЫ
КӨРҮШҮҮ ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыг-лыктагы каада-салт ырларынын түрү. Мындай ырларды күйөөгө бараткан кыздын апасы, жеңелери, эже-сиңдилери ырдашкан. Анда кызга бакыт тилеп, бала-чакалуу, ырыс-кешиктүү жар болушун каалаган ойлор, о. эле куда-кудагыйларга кыздын аманат өмүрү, кийинки тарбиясы табышталган, аларга адамдын тагдыры өткөрүлүп берилгени билдирилген.