КӨРҮШҮҮ ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРҮШҮҮ ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыгармачылык­тагы каада-салт ырларынын түрү. Мындай ыр­ларды күйөөгө бараткан кыздын апасы, жеңе­лери, эже-сиңдилери ырдашкан. Анда кызга ба­кыт тилеп, бала-чакалуу, ырыс-кешиктүү жар болушун каалаган ойлор, ошондой эле куда-кудагый­ларга кыздын аманат өмүрү, кийинки тарбия­сы табышталган, аларга адамдын тагдыры өткө­рүлүп берилгени билдирилген.