КӨПШӨК БЕТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨПШӨК БЕТО́Н , к ө п ш ө к к у й м а т а ш – көптүрүлгөн, илээшкек суюктук ж-а кремнезём сымал компоненттин аралашмасын катыруу м-н алынган жеңил бетон. Илээшкек зат ката­ры портландцемент алынат. Ал жука майдалан­ган клинкер, гипс ж-а активдүү кошундулар­дан даярдалат. Цемент кошулбай даярдалуучу К. б-го акиташ колдонулат. Кремнезём компо­нентин колдонуу (негизинен кум) илээшкек ма­териалды үнөмдөйт ж-а К. б-дун наркын тө­мөндөтөт. К. б. алынуу ыкмасына жараша газ бетон ж-а көбүк бетонго бөлүнөт. Газ бетон има­раттарды жылуулоодо колдонулат.