КӨМӨЛДҮРҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМӨЛДҮРҮК - ат жабдыктарынын бир бөлүгү.
Мингичтин омуроосунан алып, бир учу ээрдин аттанар жагындагы чагаракка, башка учу экин­чи жактагы тогоого бекитилип, үчүнчүсү мин­гичтин эки астынкы бутунун ортосунан өткөрү­лүп, басмайылга бекитилүүчү ка­йыш.

Өр таяна бастырганда ат токулгасы артка жылып кетпес үчүн тагылат. К-түн олоң тили, жүрөкчөсү, учундагы кош сүзмөсү чагарактар аркылуу туташкан.
К-түн капталдары кайыштан ча­чыланып, үстү күмүш, жез, те­мир, коло купалар, чорлор, со­лондор м-н аземделип кооздол­гон. Кыз-келиндердин ээр-току­мундагы К. мыкты терилип со­гулган ж-а чачы чыгарылган сыз­мадан да жасалган.